Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Салык кызматы "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага Ташиевдин үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин жазды

0

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын билдирди. Аталган кызматтын 16-мартта тараткан маалыматына караганда, өлкөдөгү мунай өндүрүү жана сатуудагы коррупциялык схемаларга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болгону айтылат. Иликтөөдө айтылгандай, ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд 148 млн 908 миң сом кирешеден куру калган.

"Өлкөдө 5 жыл бою коррупция менен катуу күрөш жүрүп келди. Кармоолор, катуу билдирүүлөр, рейддер. Система чындап өзгөрүлүп жаткандай сезилди. Бирок ошол күрөшкө жанаша эле дагы башка нерсе болуп жаткан. Бул – мамлекеттик мунайды өндүрүү, кайра иштетүү жана сатууга байланыштуу. 2021-жылдан 2025-жылга чейинки беш жыл ичинде 7 миллиарддан ашык сомдук мунай ортомчу фирмалар аркылуу сатылып турган. Бул иликтөө “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасын кантип талап-тонолгону тууралуу. Мамлекеттик ишкананын көптөгөн миллиард сом каражаттары кантип өлкөнүн мурдагы башкы чекистинин аффилирленген жеке компанияларынын колуна түшүп калганы тууралуу", - деп айтылат иликтөөдө.

Иликтөө Салык кызматынын "Ай салык" Ютуб каналына жарыяланды.

Андагы маалыматтарга караганда, акыркы 5 жыл ичинде "Кыргызнефтегаз" компаниясы 879 миң тонна чийки мунай өндүргөн. Өндүрүлгөн нефтинин болжол менен 30% ортомчу компанияларга сатылган. Даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдар жетекчилик кылары көрсөтүлгөн.

"Башкача айтканда, “Кыргызнефтегаз” өндүргөн нефтини ортомчу компанияларга чийки түрүндө сатпай, “Кыргыз Петролиум Компани” заводунда кайра иштетип, рынокко чыгарса, ортодогу пайда мамлекетке калмак. Ар бир тоннадан орто эсеп менен 12 миң сом киреше түшмөк. 262 409 тонна боюнча эсептегенде мамлекеттик компания болжол менен 3 млрд 15 млн сом мүмкүн болгон кирешеден куру калган. Бул схема ишке ашкан акыркы 5 жыл ичинде “Кыргыз Петролиум Компани” заводун Байгазы Матисаков жетектеп турган. Нефтини Байгазы Матисаковго туугандык байланышы бар компаниялар сатып алып турганы аныкталды", - деп белгиленген Салык кызматынын маалыматында.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынышын Германияда укканын жана күтүүсүз болгонун айткан. Кийин Кыргызстанга келип, кайра чет жакка чыгып кеткен. Ал акыркы саясий окуялар боюнча пикирин билдире элек.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России