Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Шаардыктардын ыңгайы үчүн". Бишкектеги чуулгандуу имарат буздурулат

0

Бишкектин Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатып талкууга түшкөн, шаардыктарды нааразы кылган үч кабаттуу имарат буздурула баштады. Долбоор ээлери шаардыктардын пикирин эске алуу менен ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Жер алдында курулуш жүргүзгөн “Олд Бишкек” ага тиешеси жок экенин айтты. Коомчулукта бул курулуш иштеринин артында таасирдүү кишилер болгон деген пикирди кармангандар да бар.
Долбоордун башкаруучу компаниясы болгон “Ташболот Холдинг” ишканасы үч кабаттуу имаратты бузуп, мурдагы калыбына келтирүү иши башталганын билдирди. Бул тууралуу имараттын кожоюндары менен кеңешип чечим кабыл алынганын түшүндүрдү.
“Биз бул имараттын башкаруучу компаниясы болдук. Ээлери аны убактылуу бизге курулуш жана “Олд Бишкектин” жер астындагы комплексине туташтыруу үчүн өткөрүп беришкен. Келечекте биз аны башкарган гана компания болмокпуз. Ээлери ар башка адамдар болчу. Бул жер тилкелерине ээлик кылган жеке адамдар болгон. Аттарын азыр эстей албайм. Биз демонтаждоо ишин өзүбүз жүргүзүп, мурдагы абалына келтиребиз. Чыгым тартсак да мунун баары шаардыктардын ыңгайы үчүн жасалган иш болмокчу”, - деди “Ташболот Холдинг” ишканасынын жетекчиси Назгүл Түлеева.
Ушул эле күнү шаар башчысы Айбек Жунушалиев курулушту бузуу иши менен таанышты.
"Мэрия каякты карап отурган, мамлекеттик органдар кайда эле?" деген суроолор айтылып жатат. Эми ар бир курулуш куруучулардын жоопкерчилиги. Биз негиздемелерди бүтүрүп бергенбиз. Андан тышкары шаардыктардын да оюн эске алышыптыр. Фонтан аймагын бузуп, тазалоо үчүн он күн мөөнөт алышкан. Андан кийин шаар куруу кеңешине коюлат, анан так мөөнөтү аныкталат. Бул жерде дагы бузуу иштери 1-кабаттан башталды", - деди Жунушалиев.
Ошентип "Айчүрөк" соода борборуна катар салына баштаган эки имарат тең бузулуп, ал жерлер мурдагы абалына келтириле турган болду.
Үч кабаттуу имарат менен "Айчүрөктүн" ортосундагы фонтан жана эс алуу жайы бузулуп, ордуна көп кабаттуу курулуш башталган. 19-февралда мэр Жунушалиев бул жердеги курулуш иштерин текшергенде жаңы объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгилеп, ээсине үч күн ичинде демонтаж иштерин баштоону тапшырган.
Мэр 16-мартта соода борбордун жанындагы эс алуу жайынын эскиздик долбоору менен таанышты.
“Олд Бишкек” деген долбоор боюнча курулуш иштери былтыр жазында башталып, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер астындагы өтмөк жасалып, соода түйүндөрү ачылууда. Буга удаа эле талкуу жараткан үч кабаттуу имараттын курулганы жана жолдун ичкерип кеткени коомчулукта талкуу жараткан.
Мындан улам УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр декабрда жерине барып, бир катар талаптарды койгон.
Катар жайгашкан имараттардын бузулушу Ташиевдин отставкасы жана жапырт кадрдык алмашуулар жүрүп жаткан учурда жарыяланды.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков үч кабаттуу имарат УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековго тиешеси бар деген сөздөр жүрүп жатканын жыйында айтты:
"Фонтандын үстүнө салынып жаткан 4-5 кабатка жетип калган темир конструкция Эду деген каймана аты бар УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдуку экен деп айтылып жатат. Элдин айтып жаткан сөзү. Бул конструкция үч кабаттуу имарат боюнча Ташиев Түлеевге барганда эле турган. Силер деле салынып жатканын көргөнсүңөр да", - деди Асанбеков.
Бишкектин вице-мэри Азамат Кадыров мэрия өз ыйгарым укугуна жараша буга чейин эле ар кандай талаптарды коюп, эскертүүлөр берилип келгенин билдирди. Ал курулушка Элдар Жакыпбековдун тиешеси бар-жогу боюнча маалымат жоктугун айтты.
Мамлекеттик мекемелерди көзгө илбей курулуш жүргүзгөн компаниялардын артында таасирдүү кишилер калкалап турган деген пикирин айткандар бар.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматовдун пикиринде, мындай курулуштарга мэрия таасир эте албай турганчалык “калкалоо” болгон:

“Массалык маалымат каражаттарында айтып жатпайбы мэр мындай-тигиндей кылды деп. Менин оюмча, долбоорду алып барып жаткан адамдар жогорку жактардын жардамы, калкалоосу менен иштеп жатты. Ал көрүнүп эле турат. Эми акыркы окуялардан кийин шаардык бийликтин демонтаж кылганы ошого колу жетип жаткандай болууда. Демилге өзү башында аткаруу бийлигине баш бербегендей башталган да. Ошту, башка шаарларды көрүп жатабыз. Калкалоодон, мыйзамды аттап өтүү же кээ бир чиновниктердин өзүм билемдиги, өз милдетин аткарган бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө башаламандык да”.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевдин отставкасынан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России