Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ИИМ Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

0

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө.
Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов билдирди. Ал "Кыргызнефтегаз" ишканасы боюнча иш козголгонун ырастап, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганын маалымдады, арасында Тай-Мурас Ташиев болбогонун айтты.
Буга чейин айрым булактар Тай-Мурас Ташиев милицияда суракта экенин кабарлашкан. ИИМ бул кабарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес, маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.
32 жаштагы Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.

Өткөн айда социалдык тармактарда ошол кездеги вице-премьер Бакыт Төрөбаев менен Эркинбек Жолдошалиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү делген аудио жарыяланган. Ишкер Жолдошалиев Тай-Мурас Ташиевге мүлкүн тарттырып жибергенин айткан. Ал Тай-Мурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да бербей койгонун белгилеген.

Тай-Мурас Ташиев бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан. Заводдун жерин 470 миң АКШ долларына сатып алганын жана ошол жердеги темир жана түтүктөрдү алып чыгып кетишкенин айткан.

Бул боюнча Бакыт Төрөбаев да үн катып, Эркин Жолдошалиевдин жерин сатып алуу боюнча ага Камчыбек Ташиев өзү кайрылганын билдирген. Кийин соода ишине аралашпаганын тактаган.

Тай-Мурастын аты 16-мартта Салык кызматы жарыялаган “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема делген иликтөөдө дагы аталган.

Анда Салык кызматы мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген аракеттер аныкталганын маалымдаган. Анда өлкөдөгү мунай өндүрүү жана сатуудагы коррупциялык схемаларга Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги “Өз кишилер үчүн нефть: "Кыргызнефтегазды” кандайча талкалашкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болгону айтылган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынышын Германияда жүргөндө укканын жана бул кабар күтүүсүз болгонун айткан. Кийин Кыргызстанга келип, кайра чет жакка чыгып кеткен. Ал акыркы саясий окуялар боюнча пикирин билдире элек. Салык кызматы жарыялаган соңку маалымат тууралуу да эч кандай комментарий азырынча жок.
Тай-Мурас Ташиевдин жакындары же адвокаты маалымат бере элек.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России