Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Тажикстанда Борбор Азия университетинин тил мектеби жабылды

0

Тажикстандын бийлиги Борбор Азия университетине караштуу «Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебин» жаап, лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу 16-мартта Тоолуу Бадакшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Inside басылмасы кабарлады.

"Озоди" радиосуна окуу жайдын өкүлдөрү мектеп жабылганын ырастап, расмий билдирүү кийинчерээк жарыяланарын билдиришти.

Азырынча Тажикстандын бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

«Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби» Борбор Азия университетинин бир бөлүмү катары саналат.

Ал баш калаа Дүйшөмбү, Бохтар, Кожент, Куляб жана Хорог шаарларында чет тилдерин, бухгалтердик эсепти, маалымат технологияларын жана программалоону окутат.

Pamir Inside басылмасынын маалыматына ылайык, бул тил мектебинде 1500дөн ашуун адам билим алып келген. Мектепти жабуу чечимин Билим берүү тармагын көзөмөлдөө агенттиги кабыл алган.

Бул мекеме азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.

Pamir Inside белгилегендей, 2022-жылы Тоолуу Бадакшан автоном облусундагы нааразылык акцияларынан кийин Ага Хан тармагы Тажикстандын бийлигинин кысымына кабылып, анын программаларына көзөмөл күчөтүлгөн.

Тактап айтканда, 2024-жылы өкмөт Ага Хан өнүктүрүү тармагы (AKDN) менен болгон келишимди узарткан эмес. Бул келишим уюмга дипломатиялык макам берчү.

Мындан тышкары, 2023-жылдын сентябрында Хорог шаарындагы Ага Хан лицейинин ордуна «Жөндөмдүү окуучулар үчүн лицей» ачылган.

Ага Хан тармагына байланыштуу университеттин жер тилкелери, ошондой эле Хорог шаарындагы «Серена» мейманканасы мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

Ага Хан өнүктүрүү тармагы (AKDN) — жеке, диниябий (светтик) өнүгүү уюмдарынын тобу. Аны 1967-жылы исмаилиттердин лидери ханзаада Карим Ага Хан IV негиздеген. Уюм Тажикстанда 1990-жылдардан бери иштеп келген, бирок акыркы жылдары улам бир бөлүмү акырындан кыскартылып жатат.

Ал эми аймактагы бул уюмга караштуу Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялаган.

Ал эми Кыргызстандагы Борбор Азия университети 2016-жылы Нарын шаарында курулган жана пайдаланууга берилген. 2017-жылы экинчи кампус Тажикстандын Хорог шаарында ачылган жана үчүнчүсү Казакстандын Текели шаарында курулган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России