Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Акыйкатчы институту №27 абакта бир катар мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады

0

Акыйкатчы институтунун кыйноолорду алдын алуу борбору Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, учурда абакта 1102 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул жабык жай ашыкча толуп, ар бир адамга берилген аянт нормасы сакталган эмес.

"Акыйкатчы институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдарынын адам укуктарын сакташын көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери барак тибиндеги эки имаратты текшеришти. Анын ар бири эки бөлмөдөн турат. Аянты 16,5 чарчы метр болгон биринчи бөлмөдө 10 соттолгон жаран жашайт. Ошол эле турак жайдын экинчи бөлмөсү 23,1 чарчы метр, ага 14 киши жайгашкан. Экинчи барак тибиндеги имараттын бир бөлмөсү 26,4 чарчы метр, экинчиси - 16,5 чарчы метр. Анда 15 жана 10 соттолгон жашайт", - деп жазылган маалыматта.

Аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 адамга гана ылайыкташылган. Ал эми 2026-жылы колониядагы орундар 2000ге чейин көбөйүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес.

Акыйкатчы институту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына №27 мекеменин аянтын мыйзам талабына ылайык кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, сунуш жөнөттү.

Мониторингдин жүрүшүндө институттун кызматкерлери соттолгондор менен жеке маектешип, алардын үчөө арыз менен кайрылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен беш жылга эркинен ажыратылган Германиянын жараны кайрылып, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигине анын абакта кармалып тургандыгы тууралуу маалымат берүүнү суранган.

Дагы бир соттолгон ырайым суроого жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.

2025-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, анын функциялары акыйкатчы институтунун курамына киргизилген. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул чечимге тынчсыздануусун билдиришкен. Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган бул улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России