Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иран Ларижани менен Сулеймани каза болгонун тастыктады

0

Иран коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани менен аскерлештирилген түзүмдүн командачысы Голамреза Сулейманинин өлүмүн тастыктады.
Иран бийлиги 28-февралда өзүнүн резиденциясында өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеиден кийинки экинчи жогорку деңгээлдеги аткаминери - коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани набыт болгонун ырастады.
Али Ларижани уулу Мортеза, орун басары Алиреза Баят жана бир нече жансакчысы менен чогуу өлтүрүлгөнү 17-мартта кечинде жарыяланган Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин билдирүүсүндө айтылды. Ларижани аталган кеңештин катчысы болгон.

Кеңештин билдирүүсү Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Али Ларижани Тегеранга жасалган аба чабуулунда өлтүрүлгөнүн маалымдагандан 12 сааттан кийин чыкты.
Ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусу ыктыярчылардын "Басиж" аскерлештирилген түзүм башчысы Голамреза Сулеймани өлгөнүн өзүнчө тастыктады. Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Сулеймани менен Ларижани 16-мартта жасалган соккулар учурунда жок кылынганын билдирген.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы үчүнчү жума уланып жаткан согушу токтой элек. 17-мартта Жакынкы Чыгыштын бир катар аймактарында абадан сокку тууралуу эскертүү жаңырып турду.

Израил Тегеранга жасалган акыркы чабуулдарда "Иран режиминин инфратүзүмүнө" жана Иран колдогон "Хезболла" террордук тобуна байланышы бар объекттерге сокку урганын билдирген.

Бул аралыкта Иран Жакынкы Чыгыш аймактарын, анын ичинде Израилди аткылоосун улантууда. Дүйнөлүк мунайдын бештен бир бөлүгү ташылып өтүүчү Ормуз кысыгы танкерлерге жасалган чабуулдардан улам дээрлик жабык турат.
Коопсуздук кызматкерлери маалымдагандай, ирандык дрон жана ракета АКШнын Багдаддагы элчилигин бутага алган, AFP агенттиги маалымдагандай, "кеминде бир дрон элчиликтин аймагына түшкөн.

17-мартта жергиликтүү бийлик иран дрондору Бириккен Араб Эмирликтериндеги Фужейра мунай комплексине сокку урганын, натыйжада өрт чыкканын, жабыркагандар жок экенин билдирген. Дохада жарылуулар катталган, Катар ракеталар атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Трамп суу аркылуу өтүүчү негизги жолду калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө башка да өлкөлөрдү чакырган, бирок айрымдары ал демилгеге каршы чыгышты. Кийинчерээк Трамп муну "өтө чоң катачылык" деп сыпаттап, АКШ "чындыгында эч кандай жардамга муктаж эместигин" айтты.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России