Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Freedom House: Борбор Азия өлкөлөрү "эркин эмес", Тажикстандын көрсөткүчү эң төмөн

0

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму 19-мартта жарыялаган жаңы баяндамасына ылайык, Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөдөгү эң эркин эмес мамлекеттердин катарында калууда. Баяндама Freedom in the World 2026: The Growing Shadow of Autocracy деп аталат. Анын авторлору аймактагы абалдын начарлашын көз карандысыз медиага болгон кысым, жарандык коомду чектөө жана саясий атаандаштыкты азайтуу менен түшүндүрүшөт. Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр «эркин эмес» категориясында калган. Алардын ичинен Тажикстандагы абал өзгөчө оор деп бааланган.

Докладга ылайык, Тажикстан саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча 100 баллдан болгону 5 балл алган. Бул 2005-жылдагы 30 баллга салыштырмалуу кескин төмөн. Бул көрсөткүч аймакта гана эмес, дүйнөлүк рейтингде да эң төмөндөрдүн бири болуп саналат.

«Шайлоо демократиянын негизги элементи болгону менен, көптөгөн өлкөлөрдө бийликтеги лидерлер өз бийлигин сактап калуу үчүн шайлоо процесстерин бурмалап келишет. Эркин эмес өлкөлөрдө бийлик оппозицияны куугунтуктап, шайлоого катышуудан четтетип же камакка алуу аркылуу атаандаштыкты жок кылат», — деп белгилешет баяндама авторлору.

Мисал катары Тажикстан келтирилет. Анда 1992-жылдан бери бийликте турган президент Эмомали Рахмондун режими негизги оппозициячул партияны расмий каттоодон баш тартып, анын мүчөлөрүн жана алардын жакындарын куугунтуктап, камакка алган. Баяндамада бул басым бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканы жана өлкөдө реалдуу саясий атаандаштык дээрлик жок экени айтылат.

Кыргызстан да Freedom House уюмунун баамында 100 баллдан 26 балл алып, «эркин эмес» өлкө катары классификацияланган. Докладда Кыргызстан 2005-жылдан бери «жарым-жартылай эркин» категориядан «эркин эмес» деңгээлге түшүп кеткени белгиленет.

Ошондой эле өлкөдө көз карандысыз медиага кысым күчөгөнү айтылат. Бийлик Kloop жана Temirov Live сыяктуу белгилүү медиа уюмдарды «экстремисттик» деп атап, алар менен байланышкан бир катар журналисттерди камакка алган.

Жалпысынан дүйнөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер 20дан бери төмөндөп жатат.

Freedom in the World баяндамасы жыл сайын 195 өлкөдө жана 15 аймакта эркиндиктин деңгээлин баалайт. Өлкөлөр 0дөн 100гө чейинки шкала менен бааланып, «эркин», «жарым-жартылай эркин» жана «эркин эмес» деп бөлүнөт.

2026-жылкы рейтингде эң жогорку көрсөткүч Финляндияга (100 балл) тиешелүү. Ошондой эле Швеция, Норвегия жана Жаңы Зеландия 99 балл менен алдыңкы сапта турат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России