Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иран Катардын энергетика объектилерине сокку урду

0

Иран 18-марттын кечинде жана 19-марттын таңында Катардагы мамлекеттик QatarEnergy компаниясына таандык объектилерге чабуул койду. Бул компания дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газын экспорттоочу эң ири ишканалардын бири болуп саналат. Соккулар Рас-Лаффан өнөр жай шаарына багытталганын Катардын коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Иран аскерлери шаарга баллистикалык ракеталарды учурган.

QatarEnergy компаниясы 18-марттагы ракеталык соккудан Pearl GTL заводуна «олуттуу зыян» келтирилгенин билдирди. 19-марттын таңында болсо суюлтулган газ өндүрүүчү бир нече завод чабуулга кабылган. Соккулардын натыйжасында бир канча жерде өрт тутанган. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Ирандын бул чабуулун утурлай Израил Ирандагы Бушер провинциясында жайгашкан Түштүк Парс атайын экономикалык аймагына жана Асалуе шаарындагы мунай-газ объектилерине сокку урган.

Чабуулдан кийин Иран бийлиги Перс булуңундагы өлкөлөрдүн энергетикалык объектилери «мыйзамдуу бутага» алынарын эскерткен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «АКШ бул чабуул тууралуу эч нерсе билбегенин, соккуларга Катардын тиешеси жоктугун" билдирди. Ал ошондой эле "Эгерде Иран Катарга кайра чабуул койбосо, Израил мындан ары бул өтө маанилүү Түштүк Парс кенине сокку урбайт», — деп кошумчалады Truth Social платформасына жазган билдирүүсүндө.

Эгерде Иран Катарга кайрадан сокку урса, АКШ Израил менен бирге же ансыз «Түштүк Парс газ кенин толук жок кылышы мүмкүн» экенин эскерткен.

The Washington Post басылмасынын маалыматына ылайык, Пентагон Ак үйдөн Ирандагы согушту каржылоо үчүн 200 миллиард доллардан ашуун каражат сурап, Конгресске кайрылууга уруксат берүүнү өтүнгөн.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России