Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы маселе боюнча 4-февралда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.
“Мен кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жыла беришибиз керек”, - деди төрага.
Ал парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көз караштардын келишпестиги “кадыресе көрүнүш” экенин кошумчалады. Читать дальше...