Киевде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды
28-февралда Киев шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдеште жеңди. Ал финалда украиналык балбан Илона Прокопевнюкту 9:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
27-февралда Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгени алышты. Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыган. Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1).
Грек-рим күрөшүнөн 97 кг чейинки салмакта килемге чыккан Үзүр Жусупбеков финалда күрөшпөй жеңишке жетти. Грузиялык балбан Гиорги Мелия килемге чыкканы менен күрөшүүдөн баш тартып, кыргыз балбаны жеңүүчү деп жарыяланды.(ZKo)