Мы в Telegram
Добавить новость
Главные новости Киева
Киев
Январь
2022

Украина: Чыккынчылыкка айыпталган Порошенко мекенине кайтты

0
Украина: Чыккынчылыкка айыпталган Порошенко мекенине кайтты

Украинанын мурдагы президенти,  мамлекеттик  чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан Петро Порошенко дүйшөмбүдө Варшавадан мекенине кайтып барды. Декабрдан бери сыртта жүргөн саясатчы эч кандай күнөөсү жоктугун, бул иштин артында саясат турганын айтууда.  Аны Киев аэропортунда жүздөгөн тарапкери тосуп алды.

56 жаштагы мурдагы мамлекет башчы, Жогорку раданын (парламент) депутаты, оппозициядагы “Европа тилектештиги” партиясынын лидери жогорку кызматта турган "2014-15-жылдары көмүр сатуу менен чыккынчылыкка барган" деп шектелүүдө. Прокуратура ал каражат чыгыш Украинада орусиячыл жикчилерди каржылоого кеткен деген кине тагууда. Маалыматтарга караганда, учуп келгенден кийин Порошенко Мамлекеттик тергөө бюросунун чакыруусун алуудан баш тартты.

"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, айрымдары чек арачылардын, башкалары кара униформа кийип алган, мыйзамсыз түрдө мени украин аймагына киргизбөөгө аракет көрүштү. Паспортумду алып алып, тек жайымды тактоо керектиги менен түшүндүрүштү. Порошенко экенимен катуу күмөн санашкан өңдөнөт. Кадимки биометрикалык паспортумду 15 мүнөт текшеришти. Муну менен мени Украинага киргизбөө сценарийин ишке ашырууга аракеттеништи", - деп айтты Порошенко.

Депутат жана анын партиясы айыптарды четке кагып, "орус баскынчылыгы алдында биригүүнүн ордуна саясий куугунтук уюштурууда" деп президент Владимир Зеленскийди күнөөлөп жатышат.

“Порошенкону эмес, Украинанын коргоп калуу үчүн келдик. Биз биригип, Украина күчтүү экенин, Путиндин агрессиясына каршы турууга кудуретибиз жетерин көргөзүүгө тийишпиз”, - деп айтты экс-президент чогулгандарга кайрылып.

Айрым колдоочулары “Бизге демократия керек!”, “Агрессияны токтоткула!” деген жазууларды көтөрүп турушту.

16-январда Польшада өткөргөн маалымат жыйында экс-президент “Зеленский менен эмес, Украина үчүн күрөшүү максатында” туулган жерине кайтып баратканын билдирген.

“Менимче, азыркы жетекчилик өлкөнү бөлүп-жаруу, ырксыздыкка жем таштоо менен өзүн абдан жоопкерчиликсиз алып барууда”, - деп сындаган Порошенко Киевге барары менен камакка алышат деп ойлобосун кошумчалаган.

6-январда Киев шаардык соту Украинанын эң бай бизнесмендеринин бири болгон саясатчынын мүлкүн камакка алган. Өткөн айда прокуратура украин сотунан Порошенкону камакка алууну сураган.

2014-жылы Москва колдогон президент Виктор Янукович элдик көтөрүлүштүн эпкини менен кызматынан кетирилгенден кийин Порошенко мамлекеттин башына келген. Ал маалда Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алып, өлкө чыгышында тутанган согуш токтой элек болчу.

Коррупция жана олигархтардын таасири менен күрөшүүгө убада кылып келген азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленский Порошенкону 2019-жылдагы шайлоодо жеңип алган.

Экс-президентке каршы тагылып жаткан айыптар Украианын өзүндө жана сыртында "Зеленский жана өнөктөштөрү өч алып жаткан жокпу" деген пикирлерге  түрткү берди.

Расмий Киев жана Батыштагы колдоочулары орус армиясы украин чек арасына тартылып, президент "Владимир Путин коңшу өлкөгө кол салууну пландашы мүмкүн" деген камтамасын билдирип келатышат. Аймактагы кырдаалга АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан жекшембиде CBS News телеканалынын берүүсүндө да кайрылды:

"Биз өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Украина менен жакындан байланышып турабыз. Мен украин кесиптешим менен утур-утур сүйлөшүп турам. Өткөн айда эле жети жолу сүйлөштүк. Эмки кадамдарыбызды координациялап жатабыз".

Москва кошунасына кол салууга дарялык көрүүдө деген дооматтарды четке кагып, өз өлкөсүнүн аймагында аскерлерин каалагандай жайгаштыруу укугу бар экенин кайталап келатат.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин сообщил о планах благоустройства на северо-востоке Москвы





Москва

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Обеспечим ученикам комфортные условия



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Егор Крид

Егор Крид, Ольга Бузова, JONY и другие на премии ЖАРА Music Awards




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Подмосковье сотрудники ОМОН «Русич» Росгвардии приняли участие в церемонии открытия соревнований по дзюдо среди детей и подростков

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы


Даниил Медведев

Медведев с трудом одолел 121-ю ракетку мира на турнире в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Киев

Ждём расстрела или отравления Зеленского в ближайшее время – Макгрегор



Частные объявления в Киеве, в Киевской области и в России