Добавить новость
Главные новости Минска
Минск
Декабрь
2021

Беларус Софья Сапеганы соттомой болду

0
Беларус Софья Сапеганы соттомой болду

Оппозициячыл блогер Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, орусиялык Софья Сапега алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Беларус прокуратурасы ага "кастыкты козутуу" боюнча айып такты. Быйыл майда Афиныдан Вилньюска учуп бараткан учак күч менен Минскиге кондурулуп алар кармалган, кийин үй камагына чыгышкан.

Жигити дайынсыз, өзүнө айып тагылды

Софья Сапеганын кылмыш иши Минскинин сотуна өткөрүлгөнү кабарланды. Ага "кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Беларустун Тергөө комитети Сапега күч түзүмдөрүнүн жеке маалыматтарын жарыялаган "Беларустун Кара китеби" Телеграм-каналын башкарган деп билдирүүдө. Ал суракта аталган каналды алып барганын моюнга алганы тууралуу видеону Беларустун мамлекеттик телеканалдары көрсөткөн.

Сапега өткөн жумада кайра тергөөгө чакырылды. Тергөө аны алты жылга кесүүнү сурап, айыптоо корутундусун чыгарды.

Быйыл 23-майда Афины-Вильнюс багытында учуп бараткан учак күч менен Минскиге кондурулуп, анын бортунан Софья Сапега менен Роман Протасевич кармалып, камакка алынган. Алар алгач "баш аламандык" уюштурууга айыпталып кармалганы айтылган. Бирок көп өтпөй Роман Протасевичтин оппозицияны сындаган сөзү беларус телеканалынан көрсөтүлгөндөн кийин Софья Сапега экөө тең үй камагына которулган.

Ырайымсыздыктан ырайым суроо

Бир аз убакыт алар үй камагында чогуу жашап турганы айтылган болчу. Бирок азыр Роман Протасевичтин кайда экени жана ага карата айыптоо эмне болгону белгисиз.

Орусиянын жараны Софья Сапега Лида шаарындагы ата-энесинин батиринде үй камагында турганы айтылган. Анын өгөй атасы Андрей Сапега кызы сүйлөшкөн жигитине гана жардам бергенин айтып, ага коюлган негизги айыптоону четке каккан:

"Александр Григоревьич, мен Сизден ырайым кылууну суранам. Бул ырайымсыздыкты токтотууга убакыт келди. Ансыз деле соңку мезгилде дүйнө андайларга толуп кетти. Эгерде ал Протасевич менен мамиле курган учурда бир нерсе жасаган болсо, аны азгыруу үчүн эмес, сүйүү мамилесинен улам жасаган. Мен ал Романдын ишине жөн эле жардам берген деген ойдомун", - деди Андрей Сапега.

Беларустун Коргоо министрлиги Киевди аба мейкиндигин бузууга айыптап, украин элчилигинин аскер атташесине нааразылык-нотасын тапшырды. Минск украиналык МИ-8 тик учагы Беларустун аба мейкиндигин бузуп өткөнүн жарыялаган. Ал эми Украина чек арага жакын жерде аскердик машыгуу өткөрүп жатканын белгилеп, Беларустун чек арасын бузуу аракети болбогонун билдирди.

Минскинин таянычы, батыштын эскертүүсү

Александр Лукашенко Киевди кырдаалды байма-бай курчутууга айыптап, эгерде Орусия менен Украинанын ортосунда согуш чыкса Минск кайсы тарапта болорун белгиледи:

"Алар эң сонун түшүнүп турушат. Эгерде Донбасста же Орусия менен чектеш башка аймактарда дагы согуш башталса, Беларус четте калбайт. Беларус кайсы тарапта болору анык", - деди Лукашенко.

Бул жагдай Москва менен Киевдин мамилеси курчуган учурга туура келди. Батыштын чалгын кызматтары Украинага жакын аймактарда Орусиянын 90 миңден ашуун аскери жайгашкан картаны жарыялады. Орусия Украинага жакын чек арасында аскер кубатын күчтөнтүп жаткандыктан АКШ президенти Жо Байден анын ыктымал кол салуусу "кыйынчылыкка турарын" эскертти:

"Мен азыр эмне жасоо керектиги боюнча сунуштардын бардыгын чогултуп жатам. Бул демилге Путин мырзанын дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жаткан аракеттерин алдын алуу жана аны токтотууга багытталган эң кеңири жана маңыздуу чаралардын топтому болот. Бирок ал азыр ойноп жатат", - деди Жо Байден.

Айрым эксперттер Орусия көп аскер топтоо менен НАТОнун чыгышка карай кеңейишин үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатышы мүмкүн экенин айтышты.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы 13 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжалда жикчилдерди колдоп келет.

Washington Post гезити 3-декабрда чалгын кызматынын жашыруун документине шилтеме жасап, Орусия жаңы жылда 175 миң жоокерди ичине камтыган аскердик күч менен Украинага каршы чоң чабуулду башташы мүмкүн экенин жазды.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы





Москва

Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Радость встречи с клоунами приносят массу положительных эмоций детям в Бурятии - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов установил мировой рекорд по чеканке мяча

В УФСИН России по Республике Дагестан прошли лично-командные соревнования по легкой атлетике

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады


ATP

Лучший теннисист Казахстана узнал позицию в обновленном рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Подвиг партизан. В «РГ» прошла встреча в честь юбилея освобождения Беларуси



Частные объявления в Минске, в Минской области и в России