Вандал из ОПГ Матраимовых Шарабидин Капаров разрушает охранную зону памятника всемирного наследия Юнеско
КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл- Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
Урматтуу Талант Турдумаматович!
02.12.2020 ж. муниципалдык менчиктерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Ал аукциондо А.Навои көчөсүндө жайгашкан 14 кв.м. жер тилке сатууга коюлган. Ал жер тилке 2015 жылы дагы аукциондон Ш.Капаров тарабынан ижараге берилген. Ал жер тилкени ижарага Абдулло Мамасидиков алган. Бирок, ал жер тилке КР Өкмөтүнүн 20.08.2002 ж. №568 “КР тарыхый-маданий мурас объектилерин пайдалануу, эсепке алуу, коргоо, калыбына келтирүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кыргыздын тарыхын жана маданиятын эстеликтери республикалык маанидеги Мамлекеттик тизмеге кирген “Мухаммед Юсуф Байходжи уулу” мечитинин коргоо чөлкөмүндөгү жер. Ошондой эле, ал жер тилке ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас эстеликтеринин тизмесине кирген Сулайман-Тоонун коргоо чөлкөмүндө жайгашкан.
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” КР Мыйзамынын 30 бер. ылайык Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде КР Маданият миңистринин корутундусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдо зыян келтируу максатында “Сулайман-Тоо” музейинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп жер тилке “Мухаммед Юсуф Байходжи уулу” мечитинин коргоо чөлкөмүндө жайгашкан эмес деген жасалма корутунду-макулдашуу алып, ал жер тилкени КР Маданият миңистри менен макулдашпай ижараге мыйзамсыз берип жиберет.
Археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана ыйгарым укуктарынын чегинен аша чапкан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров ал жер тилкени КР Маданият миңистринин жана ЮНЕСКОнун чечимисиз, мыйзамсыз ижараге берип жиберет.
Мыйзамдын 29 бер. ылайык Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөлкөмдөрүнүн жеке жактарга 5 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү КР мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте КР Маданият миңистринин чечими боюнча ишке ашырылат. Бирок, ижарага берүү боюнча КР Маданият миңистринин чечими жок Ш.Капаров мыйзамсыз берип жиберет.
Мыйзамдын 38 бер. ылайык жеке жактардын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөлкөмдөрүнүн пайдалангандыктары үчүн ижара акысынын ставкалары КР Өкмөтүнүн атайын тарифтери менен белгиленет. Бирок, Өкмөттүн атайын тарифи менен ижарага берилген эмес
Мыйзамдын 391 бер. ылайык Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары КР мыйзамдарда каралган тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.
КР Өкмөтүнүн 20.08.2002 ж. №568 токтому менен бекитилген “Тарыхый жана маданий мурас объекттерин каттоо, коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу жөнүндө Жобонун” 6.3 бер. ылайык Тарыхый-маданий мурас объектисине келтирилген зыянды аныктоого байланыштуу материалдар КР маданият миңистри тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн комиссиясы тарабынан даярдалат
Жобонун 6.4 бер. ылайык Тарыхый-маданий мурас объекттерин же аларды коргоо зоналарын калыбына келтирүүнүн тартиби жана шарттары эстеликтерди калыбына келтирүү, консервациялоо жана оңдоо боюнча белгиленген эрежелерди сактоону эске алуу менен КР маданият миңистри тарабынан аныкталат.
Ижарага берилген жер тилке “Жупас” каналында жайгашкан, Суу фондуна кирет. Ош областтык бассейн Суу башкармалыгы кызмат адамдары тарабынан ыйгарым укуктарынын чегинен аша чабуу менен Суу фондунун жерлери мыйзамсыз ижараге берүү боюнча макулдашу-корутундулар берилген. Бирок, Суу фондунун жерлери КР Өкмөтү тарабынан ижараге берилүүга тийиш.
Жогоркулардын негизинде Сизден Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү, тарыхый-маданий мурас коргоо чөлкөмүндө жайгашкан жер тилкени мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тапшырма берүүнүзду суранабыз.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 14 декабрь 2020 жыл
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын балдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.