Депутаттар жаңы кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топ менен жолугушууда
Парламентте өтүп жаткан жыйынга Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын өкүлдөрү, тиешелүү комитеттердин мүчөлөрү катышууда. Жаңы мыйзамдарды иштеп чыккан жумушчу топтун өкүлдөрү аларга кодекстер кантипй иштелип чыкканын жана аны талкуулоого кимдер катышканын айтып беришти.
Жыйындын алдында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев мыйзамдарды тартипке келтириш үчүн кеминде жарым жыл керек болорун айтып, айрым мыйзамдар Конституцияга туура келтирип өзгөртүлөрүн билдирди.
Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган.
Жаңы кодекстердин негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар, айрым кылмыштарга жазанын жеңилдетилгени социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүн нааразы кылган. Буга чейинки талкууларда жаңы кодекстердеги "чийкилик жана өксүк" үчүн парламент өкмөттү айыптаган. (TSh/ZKo)