Гаага соту Каражичтин өкүмүн өзгөрткөн жок
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин доо арызын карап, анын өтүнүчүн четке какты.
2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн "күнөөлүү" деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан.
1995-жылдын июль айында эл аралык трибунал Каражичти Босния жана Герцеговинадагы согуш маалында жасалган кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, бир жылдан соң аны камоого буйрук чыгарган. 1996-жылы Сербия республикасына каршы эл аралык коомчулук санкция киргизүүгө камынганда бийликтен кетип, 12 жыл жашырынып жүрүүгө аргасыз болгон.
Каражич 2008-жылдын июлунда Белградда кармалган. Кармалганга чейин Белградда Драган Дабич деген жалган ысым менен медициналык клиникалардын биринде дарыгер болуп иштеп, элдик медицина тууралуу китеп жазып жүргөнү маалым болгон.
Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.