Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарды оңдоого каражат бөлүндү
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айыл аймагынын жол, суу, мектеп жана бала бакча маселелерин чечиш үчүн мамлекеттен 220 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу «Азаттыкка» 3-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Көк-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Тамдык жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай - Рават автожолунун курулушуна 150 млн. сом, Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай конушун сугат суу менен камсыз кылыш үчүн 50 млн. сом, Ак-Сай айылындагы Б.Хожаев атындагы орто мектепти капиталдык ондоого жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга 20 млн. сом бөлүндү.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыркаган.
Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жаракат алганын кабарлаган. Кыргыз тараптан үч адамга ок тийип, 10дон ашык адам түрдүү жаракат алган.
Өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин депутаттары жаңжал чыккан Ак-Сай айылында эл менен жолугуп, маселелерди чечиш үчүн казынадан каражат бөлүнөрүнө убада беришкен. (JsA)