Аба ырайы: 15-сентябрда жаан жаайт
“Кыргызгидромет" агенттиги 15-сентябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрүн кабарлады. Кээ бир райондордо нөшөр төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21;
Нарын жергесинде түнкүсүн2...7, күндүз 16...21;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 19...24;
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17;
Чүй өрөөнүндө 8...13, күндүз 14...19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2..-7, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында 15-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 10...12, күндүз 17...19 градус жылыйт.