Шнобель сыйлыгынын ээлери аныкталды
![Шнобель сыйлыгынын ээлери аныкталды](https://gdb.rferl.org/D9D87AA8-E41E-405E-8CC0-0F3034755BB7_w800_h450.jpg)
Гарвард университетинде 12-сентябрда Шнобель сыйлыктары тапшырылды. Илим-билимдин 10 тармагы боюнча эң беймаани ачылыштар үчүн жыл сайын берилип келген сыйлык тапшыруу аземи ушуну менен 29-ирет уюштурулду.
Шнобель сыйлыгына татыгандар арасында Британия, Сауд Арабия, АКШ жана Сингапур мамлекеттеринин окумуштуулары бар. Алар адамды кытыгылаганда ала турганы ыракаттын изилдегенге аракет кылышкан.
Ирандык бир илимпоз ымыркайдын жалаягын алмаштырган жабдык жасаганы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды.
Италиялык окумуштуу болсо пиццаны көптөгөн ооруларга даба деп айтканы үчүн сыйланды. Илимпоз бул пицца Италияда гана жасалган болушу шарт экенин айткан.
Шнобелди Нобель сыйлыгынын ээлери тапшырышат. Жеңүүчүлөргө кофе таңгагы, бир куту сагыз, бир куту тамеки жана тиш щеткасы берилет. Андан тышкары, 10 триллион Зимбабве доллары да ыйгарылат. Ал 40 АКШ центине барабар.