Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда болот
Маркумдун жакындары берген маалыматка ылайык, Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда Опера жана балет театрында болот.
Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылып жаткан.
Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде төрөлгөн.
Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (ZKo)