Бишкек-Ош жолуна түшкөн көчкү тазаланды
![Бишкек-Ош жолуна түшкөн көчкү тазаланды](https://gdb.rferl.org/93B3B5A1-39CD-48C4-8357-571B9DFE6863_cx0_cy32_cw0_w800_h450.jpg)
21-декабрь күнү саат 21:30 чамасында автомагистралдын Суусамыр жайлоосундагы эки жерге 2000 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшкөн. Бул болсо жолдогу унаа кыймылынын токтошуна алып келди. Көчкүдөн жапа чеккендер жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Транспорт министрлигине караштуу Бишкек-Ош жолу дирекциясынын техникасынын аракети менен жол тазаланып, эки тарапка тең ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда Бишкек-Ош жолу ачык.
ӨКМ бардык автомагистралдарда жүргөн айдоочуларды сак болууга чакырып, унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш экенин эскертүүдө. (ZKo)