Ашраф Гани дагы бир мөөнөткө президент болуп калды
Ооганстандын шайлоо комиссиясынын чечими менен Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду. 22-декабрда Кабулда көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Хава Алам Нуристани бул тууралуу журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Гани президенттик шайлоодо 56% добушка ээ болуп, башка атаандаштарынан озуп чыккан. Ал эми анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла добуштардын 39,5% алган.
Абдулла Абдулла ноябрь айында өзү жеңип чыккан аймактарда добуштарды кайра эсептөөгө каршы чыккан. Декабрда буга макулдугун берген.
28-сентябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу бюллетендерди эсептөөгө байланыштуу сындардан улам бир нече жолу жылдырылган.