Пакистанда профессор Кудайга акарат келтирди деп өлүмгө өкүм кылынды
Пакистанда мусулман профессор Кудайга акарат келтирди деп өлүмгө өкүм кылынды. 21-декабрда Мултандагы сот Жунаид Хафизди исламга каршы идеяларды жайылтты деп айыптады.
Пакистандагы бул талаштуу мыйзам Кудайга, исламга же диниятчыларга акарат келтирди деген адамдарды өлүмгө өкүм кылууну карайт. Адвокат Шабхаз Гормани Хафиздин күнөөсү жоктугун, соттун өкүмүнө каршы арыз берерин айтты. Хафиз ошондой эле жарым миллион рупий (3 200 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Профессор 2013-жылы Мултан шаарындагы Бахауддин Закария университетинде дарс окуп жүргөндө Жаратканга акарат келтирген идеяларды тараткан деген негизде кармалган. Хафиз сот процессин алты жыл күттү. Бул убакыттын жарымынан көбүн камерада жалгыз кармалып келди. Эл аралык Мунапыс уюму сентябрда Пакистан бийлигинен 33 жаштагы профессорду тезинен бошотууга үндөгөн.