Куугун-сүргүнгө кабылган чечендердин Кыргызстандагы урпактары
Cталиндин куугун-сүргүнүнө дуушар болгон жарым миллионго чукул чечендер жана ингуштар Кавказдан Борбор Азияга күч менен көчүрүлгөнүнө 80 жыл болду. Кыш чилдеде, узак жолдо жүк тарткан вагондордо бөөдө кырылып, азап-тозок менен жеткен элдин Кыргызстанда эки миңдей урпагы жашайт. Улуттук трагедияны алар жыл сайын 23-февралда “Аза күтүү жана ата бабаларды эскерүү” күнү катары белгилешет. “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Кыргызстанда жашаган чечендердин жашоосун көрсөтөт.