Мыйзамдан өйдө турган Абдуллаева Гулхумор Режавалиевна мамлекет мектебин жетектейби же жеке менчикпи?
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго
АЧЫК КАТ
Урматтуу Акылбек Усенбекович!
1. КР Президети С.Н. Жапаровдун демилгеси менен билим берүү тармагында реформалар башталып, мектеп 12 жылга Кембридж системасына өтүп, бюджеттен чон акчалар ажыратылып жатат. Бирок, мурда мектептерде көзөмөл жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Ибн-Сина атындагы мектептин мурдагы директору Абдуллаева Гулхумор Режавалиевна мыйзамсыз аракеттери үчүн мурда иштен четтетилген. Бир нече жылдан кийин Ош шаарындагы №24 мектебинин директорунун орун басары болуп дайындалып, кызматынан алынган. Андан соң мектеп директорлору үчүн сынагына катышып, мектеп жамааты жана ата-энелер каршы болушуна карабай, кайра Кара-Суу районундагы Ибн Сина атындагы мектебине директор болуп дайындалат. Г. Абдуллаева көзөмөл жоктугунан пайдаланып, мамлекет мектебинде каалаганын жасап, билим берүү мамлекеттик стандарттарын одоно түрдө бузган. Себеби, ал иштөө процессинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жогорку органдардын уруксатысыз мектептин жер төлөсүнө бала бакча ачкан. Бул иш прокуратурада каралып, ал жумуштан четтетилген.
2. Г. Абдуллаева КР Президенттин билим берүү саясатын саботаж кылып, субординация жана педагогикалык этика талаптарын сактабай, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамажановго, Шарк айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттарына, милиция кызматкерлерине урматсыздык кылып, аларга басым жасап, кемсинтип, тартип нормаларын бузган. Анын себеби, жергиликтүү бийлик жетекчилери мектептин директору Г. Абдуллаевадан билим берүү мамлекеттик стандарттар негизинде иштөөсүн талап кылышат. Бул мыйзамдуу талапты Г. Абдуллаева мыйзамсыз четке кагат.
3. Г. Абдуллаева “Өзүнү мыйзамдан өйдө турам”-деп эсептеп, субординация менен педагогикалык этика талаптарын сактабай, жергиликтүү бийлик жетекчилерин кемсинтип, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан мыйзамсыз баш тартат. Суроо туулат мектеп директору жергиликтүү бийлик жетекчилерин кемсинтип, куугунтуктаса, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартса, Г. Абдуллаева кантип жаш муундарыбызды толеранттуулук, майзамга баш ийюу негизинде тарбиялайт? Жаш муундарда элдин биримдигин, ынтымагын жана элдердин достугун чыңдоонун ордуна тескерисинче аларды бейбаш кылып тарбиялап, билимин төмөндөтүп жатпайбы? Ага ким кепилдик берет?
4. Г. Абдуллаева директор катары элге үлгү болууну ордуна, жогорку билимдүү мугалимдерге мыйзамды сыйлоога, субординация менен этиканы сактоога, билим берүү мамлекеттик стандарттары негизинде окутууну, КР Президентинин билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатын түшүндүрүүнү ордуна, өзү баш болуп педагогикалык этиканы жана субординацияны сактабай, жергиликтүү бийлик жетекчилерин, милиция кызматкерлерин сыйлабай, КР мыйзамдарыбызды бузуп жатат. Г. Абдуллаевага эмне мыйзам иштебейби, же ал мыйзамдан өйдө турабы? Же аны артында турган коррупционерлер мыйзамга баш ийбе - деп жатабы? Анда ага чара корбогон аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу зарыл.
5. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык Мугалим өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Директор кызматынан жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Мугалим өз ишинде Педагогикалык этика кодексинин талаптарын карманат.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. Г. Абдуллаеваны мектептен иштен алып, жоопкерчиликке тартуунузду, мамлекетке келтирген зыянды аныктып, мамлекетке өндүрүп берүүнүздү.
2. Абдуллаева Гулхумор Режавалиевнаны мектеп директорлору конкурсунан четтетип, кайра конкурска койдурбай, Жобога тийиштуу өзгөртүүлөрдү киргизип берүүнүздү.
Эгерде Г. Абдуллаева жоопкерчиликке тартылбаса, директорлор конкурсунан четтетилбей, коррупционерлер жардамында конкурска катышса, КР Президентине кайрылууга аргасыз болобуз.
Абдуллаеванын мыйзамсыз аракеттери жөнүндөгү видеолорду комиссияга берүүгө даярбыз.