Кадыровдун жээни Чеченстандын коопсуздук кеңешин жетектейт
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 23 жаштагы жээни Хамзат Кадыров жумурияттын Коопсуздук кеңешинин башчылыгына дайындалды. Ал буга чейин Курчалоев районун башкарып турган. Бул тууралуу Рамзан Кадыровдун аталаш тууганы, Шалин районунун акими Турпал-Али Ибрагимов "Инстаграмдагы" баракчасына жазган. Маалымат "Кавказ реалии" сайтына чыккандан кийин Турпал-Али Ибрагимов "Инстаграмдагы" билдирүүсүн өчүрүп салган. Чеченстан бийлигинин басма сөз кызматы жаңы дайындоо тууралуу маалыматты тастыктаган да, жокко чыгарган да жок. Читать дальше...