Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун өкүмү күчүндө калды
Ош облустук соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун ишин карап, чечим чыгарды. Облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, быйыл 31-мартта ишти караган судья Ош шаардык сотунун 2019-жылдын 27-ноябрындагы Мелис Калыков жөнүндө өкүмү өзгөртүлгөн, Андан 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөгү кошумча айып пул салуу бөлүгү алынып салынган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. Читать дальше...