Садыр Жапаров президенттик башкаруудан кайтпасын айтты
Президент Садыр Жапаров курултайда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошеванын башкаруу системасын өзгөртүү сунушуна жооп берди. Ал президенттик башкарууну туура деп эсептерин айтты. "Биз парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну да көрдүк, мен экөөндө тең иштедим, жыргап кеткен жокпуз. Буга чейин үч баштуу бийлик болду. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине шылтап отура берип, бир кагаз үч жылдап кабыл алынбаган учурлар болгон экен. Анткени жооп берип калбайын деп эле бири-бирине түртө берген. Читать дальше...