Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жумушчу топтун курамына Илан Шор да кирди
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди. Орусиянын “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму билдиргендей, анын тизмесине “Евразиянын” камкордук кеңешинин мүчөсү, Молдовада 15 жылга соттолгон, коррупциялык иштерде аты аталган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Жумушчу топтун жыйынында мектепке чейин орус тилин окутуу, бул тилде билим берген мугалимдерди колдоо жана келечектеги педагогдорду даярдоо багытында программа иштеп чыгууну талкуулашкан. Читать дальше...
