Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2021

Казакстанда бийликке каршы акциялар уланууда

0
Казакстандын Уральск шаарында бүгүн, 28-февралда бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды бошотууну талап кылган акция өтүп жатат.


“Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, акция аянтка 350дөй адам чогулду. Алар “18 миллион калкы бар өлкөдө бир гана адам башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу туура эмес экенин” айтып, бийликтин алмашуусу, акимдерди шайлоо аркылуу тандалуусу керектигин белгилеп жатышат.




Казакстанда жекшемби күнү жер-жерлерде нааразылык акциялары өтөрү жарыяланып, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов тарапкерлерин бул иш-чараларды колдоого чакырган.  


Кабарчылардын айтымында, айрым шаарларда жолдор тосулуп, аянттарга тосмолор коюлду.




Нур-Султан шаарында Жаштар ордосуна кеткен жол жана бир нече көчө жабылды. Кээ бир жерлерде полициянын атайын машиналары турганын көрүүгө болот.


Алматыда да акция өтө турган аянтка кирүүгө тыюу салынып, бир активисттин машинасын күч кызматкерлери алып кетишти.


Чимкенттин Нооруз аянтында полициянын машиналары турат.


Журналисттер интернет байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришти.


10-январда өткөн Мажилиске шайлоодо өлкөнүн борбору да камтылган шаарларында бир нече ондогон демонстранттар нааразылык чараларына чыккандыгы үчүн кармалышкан.


Соңку маалыматтарга караганда, Семей шаарында чогулган демонстранттардын айрымдарын полиция кармап кетти.(RK)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России