Добавить новость
103news.com
World News
Ноябрь
2023

Бишкекте “Айтматов жана кино” эл аралык кинофестивалы өтүүдө  

0
17-ноябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык кинофестиваль башталды.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун маалыматында, иш-чарага бир катар мамлекеттер катышууда.


Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Канада, Италия, Франция, Сербия, Индия, Орусия (Тоолуу Алтай), Түштүк Корея, Жапония, Германия, Тунис, Эстония, Грузия, Америка Кошмо Штаттары, Венгрия, Кытай, Вьетнам, Швейцария сыяктуу өлкөлөр бар.


Сынактын калыстар тобуна дүйнөнүн кино өндүрүшүндөгү Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова сыяктуу көрүнүктүү өкүлдөрү кирди.

 


Кинофестивалдын ачылышында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы беш-алты жыл ичинде кыргыз маданиятында "экинчи ренессанс" болот деген үмүт бардыгын, ага мамлекет тарабынан бардык тийиштүү шарттар түзүлө баштаганын айтты.

 





“Беш-алты жыл ичинде, кыргыз киносунун жана көркөм сүрөт искусствосунун шедеврлерин жараткан 1960-70-жылдардагы доор кайталанып, кыргыз маданиятынын экинчи ренессансы болот деп үмүттөнөбүз. Бүгүнкү күндө кыргыз киносу жаңылануу мезгилин башынан өткөрүүдө”, - деген Жапаров кинофестиваль дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналганы Кыргыз Республикасы үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. 



 



Жапаровдун маалыматында, мамлекеттик казынадан 2022-жылы маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 5,1 млрд сом, быйыл 7 млрд сом каралган. Анын ичинен 4 млрд сом маданият тармагына, 348,8 млн сом киного бөлүнгөн. Президенттин резервдик фондунан маданиятка 670 млн сом ажыратылган.



 



Фестивалга Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы ролду аткарган актриса Түркан Шорай (Түркия) сыйлуу конок катары катышууда.

 

Бүгүн фестивалдын алкагында “Айтматов жана кино” эл аралык форуму Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китеканасында өтүүдө. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинолордун бет ачары болот. Фестивалдын өзү 23-ноябрга чейин уланат.

 

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Ал 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Анын "Жамийла", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат", "Биринчи мугалим", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Кыямат" баштаган бир катар чыгармалары дүйнө коомчулугу тарабынан жогору бааланган. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде дүйнө, анын ичинде, Кыргызстанда бир катар кино фильмдер тартылып, театрларда спектаклдер коюлган.

 

Айтматов СССРдин жана Кыргызстандын бир катар мамлекеттик сыйлыктарынан тышкары дүйнөлүк маанидеги бир катар сыйлыктарга да татыган.

 

Ал 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында ооруканада каза болгон.



 




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России