Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Элчилик Орусиядагы мигранттарга документ мыйзамдаштырууга аз убакыт калганын эскертти

0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бул өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарга кайрылып, мыйзамдашып алууга убакыт аз калганын эскерткен кайрылуу жасады. Ал миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Орусиянын тийиштүү мекемесине кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүүнү сунуштаганын белгиледи.
“Бүгүнкү күнү Орусияда кээ бир миграциялык бөлүмдөрдө кезек көп болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Ошондон улам Орусия тарап менен жогорку жетекчилерибиздин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларда жарандарыбызга шарт түзүп берүү боюнча өтүнүчтөрүбүздү туруктуу негизде жеткирип жатабыз. Учурда аймактык миграциялык бөлүмдөрдө кошумча терезелерди ачуу, алардын иштөө убактысын узартып берүү боюнча өтүнүчүбүздү келтирдик”, - деди элчи.
Мурдараак Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскерткен.
Элчиликтин маалыматына караганда, бул өлкөдө иштеп жүргөн жарандар 10-сентябрга чейин Орусиянын аймагынан чыкпай туруп аймактык полиция бөлүмдөрүнө кайрылып, документтерин тууралап, тийиштүү арыз менен кайрылышы керек. Айып пулдары болсо төлөп, реестрден чыкса болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин май айындагы маалыматына караганда, Орусияда “кара тизмеде” 70 миңге жакын кыргызстандык бар. Азыр бул тизме канчага көбөйүп же азайганы тууралуу маалымат айтылган жок. Укук коргоочулар реестрге кирген жарандардын саны мындан кыйла көп экенин белгилешүүдө.

Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан. 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.
Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России