Бишкек-Ош жолундагы абал үчүн жоопко тартуу сунушталды
Жол маселеси боюнча тиешелүү мекемелер парламентте маалымат берүүгө тийиш, зарыл болсо атайын депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Көптөгөн депутаттар Бишкек-Суусамыр-Ош автожолунда Жаңы жыл алдында түзүлгөн кырдаал боюнча кескин сын айтып, нааразылыгын билдиришти.
Депутаттар Сайдулла Нышанов, Үмбөталы Кыдыралиев, Калдарбек Баймуратов ар жыл сайын кыш түшүп, кар көп жааганда бул трассада кыйынчылыктар жараларын, айдоочулар менен жүргүнчүлөр кыйналып жатканын, тиешелүү жетекчилер жоопко тартылышы керектигин айтышты. (RK)