Мына чыныгы жигиттер! Токтогулдагы хорсбол чемпионатындагы чыйрыктырган ирмемдер
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында хорсбол боюнча региондор аралык чемпионат болуп өттү
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында хорсбол боюнча региондор аралык чемпионат болуп өттү
Кыргызстанда жаштар арасында кылмыштуулуктун деңгээли кандай? Алар эмне үчүн бул жолго түшүшөт? Уурулук, зомбулукка барган кылмышкерлерди кандай кызыкчылык жетелейт? “Азаттык плюс” бул жолу жаштардын оор кылмышка баруу себептерине кызыкты.
Венада Бириккен Улуттар Уюму ортомчулук кылган Сирия сүйлөшүүлөрүнүн тогузунчу айлампасы өтүп жатат. Франция бул сүйлөшүүлөрдү саясий мунаса табуунун “акыркы үмүтү” деп мүнөздөдү. Орусия болсо Сочи шаарында Сирия маселесин талкуулаган өзүнчө жыйын уюштурганы турат.
Ооганстандын Газни провинциясында ракета жайкын тургундардын үйүнө тийип, алты бала жана бир киши мерт болушту. Бийлик жана талип согушкерлери сокку үчүн жоопкерчиликти бири-бирине жүктөштү. Губернатордун маалымат катчысы Ариф Нури ракета коопсуздук күчтөрү жоочуларга каршы операция баштаганда талиптер тарабынан атылганын билдирди. "Каза тапкан бөбөктөр бир жаштан 12 жашка чейин болчу", - деди Нури. Полиция да соккуну талиптер жасашканын ырастады. Ал эми "Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид бул маалыматты четке кагып... Читать дальше...
Президент Дональд Трамп Давосто Дүйнөлүк Экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө АКШ “бизнес алып барууга ачык” деди. "Дүйнө кубаттуу жана бакубат Американын кайра жаралып жатышына күбө болууда. Америка кайрадан бизнес жүргүзүүгө ачык, биз кайрадан атаандаштыкка жөндөмдүүбүз. Өнүккөн Кошмо Штаттар дүйнөнүн да кызыкчылыгына жооп берет. Соода адилет жана бардык тараптарга пайда алып келген негизде жүргүзүлүүгө тийиш, Вашингтон соода эрежелерин сактайт", - деп айтты Трамп. "Адегенде Америка" деген... Читать дальше...
Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылганы маалым болду.
Вашингтон Москваны Мьянмага согуш учактарын сатуу тууралуу келишимин кайра карап чыгууга чакырды. Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын куугунтукка алганын эл аралык коомчулук сындап келет. Орусия телеканалы өлдү деп жарыялаган украиналык элчи аман-эсен. А тургай бизге маек берип, бул кабарды атайын чагым деп баалады. Нью-Йорк банкындагы Казакстандын 22 миллиард долларын эл аралык сот камактан чыгарды. Молдовалык ишкердин өтүнүчүнөн кийин сот ал каражат иштетилбей турушу керек деп чечкен.
Чүйдөгү Александровка айыл өкмөтү "улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал" деген маалыматты жокко чыгарды. Мунун алдында айылдык кеңешке шайлоодо "дунган жана кыргыз улутундагы талапкерлер өз ара тирешип жатат" деген кабар тараган.
Чүйдөгү Александровка айыл өкмөтү "улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал" деген маалыматты жокко чыгарды.
Украин аскерлери туткунга алган орусиялык жаран 10 жылга абакка кесилди. Сот Виктор Агеевди терроризм жана мыйзамсыз курал алып жүрүү үчүн күнөөлүү деп тапты. Украин бийлиги аны былтыр июндун аягында Луганск аймагында жүрүп жаткан салгылашуу учурунда кармаганын билдирген. Ошол кармашта орусиячыл эки жикчи жана орус армиясынын офицери жок кылынганы айтылган. Бир нече күндөн кийин Агеев теле билдирүүдө туткундалганда Орусиянын куралдуу күчтөрүндө контракт менен кызмат өтөп жатканын айткан. Орусиянын... Читать дальше...
Украин аскерлери туткунга алган орусиялык жаран он жылга абакка кесилди. Сот Виктор Агеевди терроризм жана мыйзамсыз курал алып жүрүү үчүн күнөөлүү деп тапты. Украин бийлиги аны былтыр июндун аягында Луганск аймагында жүрүп жаткан салгылашуу учурунда кармаганын билдирген. Ошол кармашта орусиячыл эки жикчил жана орус армиясынын офицери жок кылынганы айтылган. Бир нече күндөн кийин Агеев теле билдирүүдө туткундалганда Орусиянын куралдуу күчтөрүндө контракт менен кызмат өтөп жатканын айткан. Орусиянын... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына АКШнын жараны арыз менен кайрылып, 24-январдын түнүндө Медеров жана Элебаев көчөлөрү кесилишкен аймакта эки киши күч колдонуп, жети миң сом салынган капчыгын тартып алышканын айткан. Издөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү деген 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу жайга камалды. Экинчисин издөө уланууда. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык ("Карактоо") кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына АКШ жараны арыз менен кайрылып, 24-январдын түнүндө Медеров жана Элебаев көчөлөрү кесилишкен аймакта эки киши күч колдонуп, жети миң сом салынган капчыгын тартып алышканын айткан. Издөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү деген 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу жайга камалды. Экинчисин издөө уланууда. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык ("Карактоо") кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Читать дальше...
"Takhti Cup-2018" турниринде жалпысынан медалдын 10 комплектиси ойнотулуп жатат
Кыргызстандык эки жигитти Түштүк Кореяга мыйзамсыз жиберген деп кармалган шектүү Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнүн үстүнөн 44 жаштагы аял даттанган. Ал Улан аттуу адам баласынын жана досунун ишенимине кирип, Түштүк Кореяга баруу үчүн виза жасап берүүнү убада кылганын айткан. Алардан 2450 доллар алып, бирок экөөн тең Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп койгонун билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...
Ушул күндөрү Бишкектин айрым тургундары таң эрте иштеген "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына ысык чай берүүнү уюштурууда. Алардын бири мэриянын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова үч-төрт жылдан бери кыштын айрым күндөрү тазалыкчыларга чай берет. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таңкы саат 6дан баштап көчө шыпырып, кышкысын кар күрөп, жолго кум себишет.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы Боз-Учук, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы Орто-Сай, Фрунзе айылы Жыгач-Коргон деп өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр 21-декабрда кабыл алган. Ал бул айылдардын аталыштарын өзгөртүп, мыйзамдаштырууга жана аларга тарыхый аттарын кайтарып берүүгө багытталганы айтылган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Читать дальше...
Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөсү Үмүт Култаева КУУдагы Конфуций институтунун директору кызматынан алынды. Култаева муну адистер тобунун "Бабановдун айткандарында улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес” деген бүтүмү менен байланыштырууда. - 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап... Читать дальше...
"New York Times" гезити "АКШ президенти Доналд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллерди былтыр июнда ишинен алууга буйрук берген, бирок Ак Үйдүн адвокаты ага каршы болгон" деп жазат. Басылмада 25-январда жарык көргөн макала бул маселени жакшы билген төрт булактын айткандарына таянып жазылган. Азырынча Ак Үй комментарий бере элек. Гезиттеги маалыматка караганда, Трамп Орусиянын президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурорду иштен алууга буйрук бергенден кийин администрациянын... Читать дальше...
Түндүк Корея БУУнун санкцияларына карабай Орусияны транзит катары пайдаланып көмүр менен соода кылып келген. Бул тууралуу европалык тыңчыларга шилтеме берүү менен "Reuters" агенттиги маалымдайт. Алардын айтымында, былтыр коммунисттик Корея Орусиянын Находка жана Холмс портторуна кеминде үч жолу көмүр жөнөткөн. Андан ары жүк Түштүк Кореяга жана Жапонияга жеткирилип турган. Августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын баллистикалык ракета сыноолоруна жооп катары көмүрдү экспорттоого тыюу салган. ... Читать дальше...
Беларустун президенти Александр Лукашенко “жатып ичерлерден” салык алууну жойгон декретке кол койду. Документ иштебеген жарандарды мамлекет казынасына акча төлөөдөн бошотот. Андан тышкары өлкө боюнча түзүлгөн комиссиялар жумуш табууга жардам берип турушат. “Жатып ичерлик салыгы” 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык расмий түрдө иштебеген беларустар жылына 170 евро төлөп турушу керек болчу. Минск жана башка жерлерде өткөн массалык нааразылык акцияларынан кийин президент акча төлөө мөөнөтүн 2018-жылга которгон.
Жалал-Абад шаардык соту 26-январда 32 жаштагы Ниязбек Айдаровду алты жылга эркинен ажыратты. Эки балалуу Айдаров Кылмыш кодексинин 375-беренеси (“Жалданмачылык”) менен күнөөлүү деп табылды. Улуттук коопсуздук комитети аны "Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан" деген айып менен 2017-жылдын октябрында камакка алган. Соттолгон кишинин жубайы Хуршида Назимжанова соттун чечимине нааразы. Ал "жолдошум жалган айып менен камалды, соттук териштирүүдө тергөө учурундагы кемчиликтер эске алынган жок" деп "Азаттык" радиосуна билдирди. Читать дальше...
Түштүк Кореянын Мирян шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн бери дегенде 41 киши каза тапты. Расмий маалыматтарда 50дөй киши жарадар болгону айтылууда. Өрт беш кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы тез жардам бөлмөсүндө башталган. Дарыгерлер каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтып жатышат. Полиция өрт чыкканда имаратта 200гө чукул киши бар болгонун билдирди. Мирян борбор шаар Сеулдан 300дөй чакырым алыс жайгашкан.
Ооганстандын Фарах чөлкөмүнүн губернатору кызматтан кетти. Мохаммад Ареф Шах провинциядагы коопсуздук жаатындагы абал начарлап баратканын, буга айрым саясатчылардын кийлигишүүсү жана коопсуздук күчтөрүндөгү паракорлук себеп болгонун айтты. Иран менен чек арага жакын жайгашкан Фарах - өлкөнүн эң кедей аймактарынын бири. Бул жакта талиб баңгизат аткезчилери менен коопсуздук аскерлери көп кагылышат. 24-январда аймактын борбору Фарахтын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши абал барган сайын кооптуу болуп баратканын айтып... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 24-январда Орток айылынын Көл-Камыш аймагында көлөмү болжол менен 120000 метр куб болгон жер көчкү жыла баштаганы байкалды. Натыйжада бул айылда жашаган 33 үй-бүлөгө эскертүү берилди. Орток айылы Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагына карайт. Отуз үч үй-бүлөдө 255 киши жашайт. Ал эми жер жылган аймакка өтө жакын жайгашкан үч үйдү көчкү басып калуу коркунучу бар. Алардын ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алышып, эки түтүн коопсуз жайга көчүп кеткени... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости