Кажы-Сай: Сыйынуу үйүндөгү өрттүн себеби иликтенүүдө
![Кажы-Сай: Сыйынуу үйүндөгү өрттүн себеби иликтенүүдө](https://gdb.rferl.org/BC6E5338-44E1-4C75-BAC0-E0C597744558_cx54_cy32_cw26_w800_h450.jpg)
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук милициясы Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан Сыйынуу үйүндө чыккан өрттүн себебин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 3-январда түнкү саат 1ге жакын баптисттик багытты карманган жарандардын Сыйынуу үйүндө белгисиз себептерден улам өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн.
Кырсыктын себеби экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болот.
Каза болгондор жана өрттөн жабыркагандар жок.
Сыйынуу үйүнүн кароолчусунун айтымында, окуя түнкү 1де болгондуктан имараттын ичинде адамдар жок болчу. (RK)