Өзбекстан-Кыргызстан унаа каттамы тууралуу протокол күчүнө кирди
![Өзбекстан-Кыргызстан унаа каттамы тууралуу протокол күчүнө кирди](https://gdb.rferl.org/6EF15E74-6102-4243-B315-C9E8BC77AEC6_w800_h450.jpg)
Эки өлкө ортосунда эл аралык автоунаа каттамын жүргүзүү боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишими 30-декабрдан тарта күчүнө киргенин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, бул протоколго 2017-жылдын 6-октябрында Ташкен шаарында кол коюлган.
Документ боюнча, тараптар бири-бирине өз аймагы аркылуу автоунаалардын транзит тартибинде эркин жүрүүсүнө кепилдик берет жана Ташкен – Анжиян – Ош – Эркечтам – Кашкар багыты боюнча унаалардын жүрүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын Ош шаары менен Өзбекстандын борборун байланыштырган унаа каттамы ишке кирерин жазып чыгышкан.
23-декабрдан тарта "Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек багытында авиакаттамдарды жүргүзө баштады.
2017-жылдын 6-октябрында Ташкентке Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен барган. Сапар алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кайсы тармакта кызматташтык боюнча 12 келишимге кол коюлган. Мындан тышкары тараптар өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга кол коюшкан.(ZKo)