Бүгүн сотто депутат Канатбек Исаевге акыркы сөз берилет
Биринчи май райондук сотунда жоопкер тараптын жарыш сөзү уланып, айыпталуучуларга акыркы сөз берилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Канатбек Исаевдин жубайы Жамила Исаева "Азаттыкка" билдирди.
25-декабрдагы сот жараянында прокуратура өкүлдөрү жарыш сөз сүйлөп, Канатбек Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевге 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда жемкорлукка аралашкан деген айып менен кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.
Канатбек Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген айып менен өткөн жылы президенттик шайлоо алдында атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.
Канатбек Исаев өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет. (ZKo)