Бишкекте шахмат боюнча балдар чемпионаты өтөт
Чемпионат 4-январдан 12-январга чейин эл аралык "Ала-Тоо" университетинде болот. Иш-чараны Кыргызстандагы шахмат федерациясы FOFINGO спорт медиакомпаниясы менен чогуу уюштурууда.
Шахмат боюнча балдар чемпионатында 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар күч сынашат. Ошондой эле оюнга мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар катышууга укуктуу. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, бул оюнда эксперттер, кесипкөй жана башка бардык шахмат сүйүүчүлөр өздөрүнүн дараметин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Оюндун аягында жеңүүчүлөр аныкталып, кубок жана медалдар менен сыйланышат.(ZKo)