Пол Манафорт прокурорду жана Юстиция министрлигин сотко берди
![Пол Манафорт прокурорду жана Юстиция министрлигин сотко берди](https://gdb.rferl.org/4A139FFC-9039-49F0-90FE-C59008E998A1_w800_h450.jpg)
Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган Пол Манафорт прокуратура тарабынан өзүнө тагылып жаткан айыптар АКШ президентин шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө тиешеси жоктугун белгилеп, шаршембиде атайын прокурор Роберт Мюллерди жана Юстиция министрлигин сотко берди.
Атайын прокурор Роберт Мюллер жана ФБРдин тергөө тобу президенттикке талапкер Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын орусиялык өкүлдөрү менен байланышын иликтеп, башкы прокурордун орун басарынан Кремлдин АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө тиешеси болушу ыктымал аракеттерин иликтөөгө уруксат алышкан. Пол Манафортко тагылган айыптардын бири анын мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин кеңешчиси болгонуна байланыштуу болгон. Манафорт муну мыйзамсыз деп белгилөөдө.
Атайын прокурордун иликтөөсү боюнча, Дональд Трамптын шайлоо штабынын төрт кызматкерине түрдүү айыптар тагылган. Бирок алардын эч кимиси орус бийлигинин өкүлдөрү менен кызматташкан деп айыпталган жок.