Карашев: Түтүн Бишкектин түштүк тарабын да каптап жатат
Бишкек шаарынын жетекчилиги жана тиешелүү мекемелер борбор калаадагы ТЭЦ реконструкциядан өткөндөн кийин анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири кандай болуп жатканы тууралуу маалымат бериши керек. Мындай талап бүгүн Жогорку Кеңеште айтылды.
КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев реконструкция долбоору башталганда ТЭЦтен чыккан түтүн азаят, атайын фильтрлер коюлат деп айтылганын, бирок бул иштин натыйжасы кандай болгону тууралуу коомчулукта маалымат жок экенин айтты.
Ошондой эле Карашев экология маселесине токтолуп, ТЭЦтин түтүнү Бишкектин түштүк тарабын да каптай баштаганын билдирди:
- Шаардын четине чыгып карап көрсөңөр, мурда ылдый жак кара болчу. Түтүн. Эми өйдө жакка, Түштүк магистралдан өйдө чыгып бара жатат.
Борбор калаанын түштүк чети тоого жакын болгондуктан адатта ал жакта аба тазараак деп эсептелет.
Эколог адистердин айтымында, Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе жогору.
Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ТЭЦ быйыл реконструкциядан өткөрүлүп бүттү. (RK)