5-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -9...-14;
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2°.