Жээнбеков: Жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатыш керек
![Жээнбеков: Жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатыш керек](https://gdb.rferl.org/AF346F76-36DC-4FA4-99F9-C7029326C8D6_w800_h450.jpg)
Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, жер-жерлердеги жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү зарыл. Мындай талапты бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алганда койду.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде айыл өкмөт башчыларынын, район акимдеринин жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана окутуу боюнча жумушту күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Ал аткаминерлерди Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдөн дагы окутуу милдетин койду.
Ошондой эле президент Улуттук кадр резервинин механизмдерин иштеп чыгыш керек экенин айтты.
Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун айтымында, 15-январга чейин бардык жарандар, анын ичинде мамкызматкерлер да Улуттук кадр резервине андан аркы кызматка орношуу жана сөзсүз түрдө квалификациясын жогорулатуу шарттары менен документтерин тапшырса болот.