Сирия: орус базасы минометтон аткыланды
Жаңы жылга караган түнү Орусиянын Сириядагы аскер-аба базасы минометтук чабуулга кабылып, эки аскери өлгөнү бүгүн белгилүү болду. Орусиянын Коргоо министрлиги мурунтан Сирияда бир учак техникалык жактан бузулуп, эки учкуч каза болгонун маалымдаган. Ал эми орусиялык басылмалар Москванын Сириядагы аскердик жана аскердик-техникалык жоготуулары ачык жарыялангандан алда канча көп экенин жазышууда.