Иран демонстрациялар үчүн АКШ, Израиль жана Сауд Арабияны күнөөлөдү
![Иран демонстрациялар үчүн АКШ, Израиль жана Сауд Арабияны күнөөлөдү](https://gdb.rferl.org/897B2440-83B2-424B-B2EC-A3A7CB1CA530_w800_h450.jpg)
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өлкөдөгү демонстрациялар тыштан колдоого алынып жатат деп билдирди. Зариф 8-январдагы маалымат жыйында демонстрациялар АКШ, Израиль, Сауд Арабиянын чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулду деген оюн айтты. Ошондой эле "бул аракеттердин аркасы жаман болот" деп эскертти.
Кошмо Штаттар Ирандын мындай кинесин четке какты. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда агенттиктин элдик толкундоолорго тиешеси жок деп жарыялаган.
АКШ президенти Дональд Трамп болсо нааразылык акциясына чыккандардын аракетин кубаттап, Вашингтон аларга жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.
Иранда 28-декабрда башталып, өткөн жуманын соңунда басаңдагандемонстрацияларда 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынды.