Газ менен жүрүүчү автобустар жайдан тартып алып келинет
Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар жылдын экинчи жарымында алып келинет. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы автобустарды сатып алуу менен абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максат кылынууда.
Автобустарды алуу тууралуу меморандумга декабрда орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” , “Эксар” ишканалары, Бишкек мэриясы жана Социалдык фонддун өкүлдөрү кол койгон. Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 миллиард сом насыя алат. Ар бир автобустун баасы 10 миллион сомдун тегерегинде болору айтылууда.
Бирок Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус он бир каттамды гана тейлей алат.
Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Буга эски автоунаалардын көбөйүшү да түрткү болгону айтылып келет. (NT)