Назарбаевден кечирим сураган аткаминерлер
Коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча соттолуп жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев президент Нурсултан Назарбаевден жана элден кечирим сурады. Мурда Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.