Президент Назарбаев жылдык кайрылуу жасайт
Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Айдос Үкүбай (Укибай) президент Нурсултан Назарбаев бүгүн “маанилүү билдирүү» менен чыгаарын айтты. А. Үкүбай "президент Казакстандын элине жылдык кайрылуу жасайт" деди.
77 жаштагы Назарбаев салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды тандайт. Мисалы, былтыркыга чейин ал парламент алдына чыгып сүйлөчү. 2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жасалган. Президенттин басма сөз кызматы жана расмий маалымат каражаттары анын текстин 31-январда жарыялашкан.
Анын алдында Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүүнү көздөгөнүн айтып, саясий өткөөл доор башталышы ыктымал деген түкшүмөлдөргө жем таштаган. Бирок кийин Конституцияга үстүртөн киргизилген толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн.