Ошто тапанча менен карактоо боюнча шектүүлөр сутка өтпөй кармалды
![Ошто тапанча менен карактоо боюнча шектүүлөр сутка өтпөй кармалды](https://gdb.rferl.org/D3C2246F-3B45-4948-B201-45B3AD903B18_cx0_cy9_cw0_w800_h450.jpg)
Ош шаарында дүкөндүн ээсин тапанча менен коркутуп, акчасын жана буюмдарын тоноп кеткен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 9-январга караган түнү саат 00:30дар чамасында Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектисинде болгон. Медициналык беткап кийген эки жаран “Мир-Замир” азык-түлүк дүкөнүнө кирип, сатуучу аялга тапанча такап, коркутушкан. Экинчиси бычак кармап кирген. Алар дүкөндөн ошол күнкү соодадан түшкөн 6000 сомго жакын акчаны жана сатуучунун кол телефонун тартып алып, изин жашырып кетишкен.
Окуянын изи сууй электе, бүгүн кылмышка шектүү 26 жаштагы А.М.уулу жана 22 жаштагы М.М. кармалды. Тергөө учурунда алар жасаган кылмыштарын мойнуна алышты.
Өздүк кароо учурунда алардын жанынан сатуучунун кол телефону, «МП-654К» үлгүсүндѳгү газ тапанчасы, эки медициналык беткап, бычак жана сатуучудан алган акчанын аз бөлүгү табылды. Учурда алынган буюм далилдери тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.
Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. «Каракчылык» беренеси (КЖКнын 168-беренеси) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)