Мектеп директорлорун сабаган аким жазаланды
Пхеньян менен Сеул акыркы эки жылдан бери биринчи жолу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Түндүк Корея спортчуларын Түштүк Кореядагы Кышкы Олимпиадага жөнөтмөй болду. Иранда өкмөткө каршы митингдер басаңдаганы менен, анын чуусу токтой элек. Сот бийлиги митингдердин уюштуруучуларына эң катаал жаза берүүнү сунуштады. Өзбекстанда эгемендик майрамын жакшы уюштурбаганы үчүн мектеп директорлорун сабаган район акими жазаланды.