Москвадагы киши өлтүрүү: кылмыштуу топтордун карааны
Москвада сөөгү табылган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул факты боюнча Москва облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгогону кабарланды. Алдын-ала айтылган божомолдордо маркумдардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн экени айтылууда.