Бразилияда сары безгектен улам өзгөчө кырдаал жарыяланды
![Бразилияда сары безгектен улам өзгөчө кырдаал жарыяланды](https://gdb.rferl.org/DAD497CD-0A19-49EC-9700-D337EC630D3C_w800_h450.jpg)
Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында сары безгектин жайылуусунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Декабрдан бери 15 киши бул оорудан каза болду. Алардын көбү штаттын баш калаасы Белу Оризонтинин тургундары.
Дартка каршы жапырт эмдөө түштүк штаттарда башталды.
Рио, Сан-Паулу сыяктуу чоң шаарларда вакцина жетишсиз болууда.
Коңшу Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте да миңдеген адамдар Бразилиядагы көчө карнавалына катышууну көздөп, эмдөөдөн өтө албай кезек күтүп жатканын Би-Би-Си маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык уюму сары безгек жайылган аймакка барар алдында 10 күн мурда эмдөөдөн өтүүнү сунуштады.
Чиркей аркылуу жугуучу бул оорудан алгач эле адамдын дене табы көтөрүлүп, бели, моюну ооруйт. Табити начарлап, кусуп, ичи өтөт. Оору өтүшүп кетсе ичинен кансырап, бөйрөктөрү иштебей калат. Учурунда дарыланбагандар 10-14 күндүн ичинде өлүмгө дуушар болушу ыктымал.
Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министри Антонио Нарди февралда өтчү салттуу көчө карнавалына катыша турган бардык артисттер эмделгенин жарыялады. Бирок Сан-Паулуда жашаган 45 миллион калкка вакцина толук жете элек. (BCh)